Бишкекте эгиз уул төрөгөн 22 жаштагы келин көз жумду

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОоруканада жаткан аял. Архив
Ооруканада жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
Медик балдардын абалы туруктуу экенин айтып, учурда №2 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкекте эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин №2 төрөт үйүнөн көз жумду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.
Анын айтымында, келин кош бойлуулугунун 34-жумасында кан басымы көтөрүлүп шаардагы №2 төрөт үйүнө түшкөн.
"Буга чейин дарыгерлердин каттоосунда турган. Операция жолу менен эгиз уулдарды жарыкка алып келген. Операция ийгиликтүү эле болгон. Бирок 15-январга караган түнү көз жумган. Алдын ала ага жогорку деңгээлдеги преэклампсия (кан басымынын жогорулап кетиши) диагнозу коюлду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, келиндин өлүмүнүн себептери экспертизанын жыйынтыгынан кийин билинет", — деди Асылбашева.
Медик балдардын абалы туруктуу экенин айтып, учурда №2 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын кошумчалады. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Баткенде муунтулган келиндин сөөгү табылды. Кылмышка жолдошу шектелүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0