Үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги статус берилди. Анын ичинде ГЭСтер бар

© Фото / пресс-служба президента КРНарын дарыясы. Архив
Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
Мындай статусту алган долбоорлорго инвестиция салган компаниялар кошумча нарк, сатуу жана киреше салыгынан белгилүү мөөнөткө бошотулары айтылды.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстанда үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги статус берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев улуттук инвестициялык долбоорлор менен мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Анда айрым долбоорлорго мамлекеттик маанидеги долбоор статусун берүү зарылдыгы каралган.
"Талкуунун жыйынтыгында, комиссиянын мүчөлөрү "Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу", "Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу" жана "Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу" долбооруна "мамлекеттик маанидеги долбоор" статусун берүү чечимин кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.
Бул статусту алган долбоорлорго инвестиция салган компаниялар кошумча нарк, сатуу жана киреше салыгынан белгилүү мөөнөткө бошотулат. Мындан сырткары, бир катар жеңилдиктер берилет. Максаты — долбоорлорду кыска мөөнөттө ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Чакан ГЭС ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Эмил Мухамбетов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Радио
Мухамбетов: кичи ГЭСтерди куруу ылдам, арзан жана ыңгайлуу
Жаңылыктар түрмөгү
0