Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакчиев: КМШ ичиндеги сынакта "Манас" академиясынын китеби жеңүүчү болду

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Манас" улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев
Манас улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Жазылуу
"Манас" улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев "Евразия элдеринин айтуучулары" китеби бул өнөрдү алып жүрүүчүлөр боюнча жызылган туңгуч китеп болгонун биллдирди.
2023-жылдын аягында Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги ХХ Эл аралык "Китеп искусствосу" сынагын өткөрдү. Ага КМШ мамлекеттеринен 49 басмакана катышканын Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бакчиев: КМШ ичиндеги сынакта "Манас" академиясынын китеби жеңүүчү болду
Анын айтымында, аталган сынакка академия авторлук кылган "Евразия элдеринин айтуучулары" китеби да катышкан.
"Евразия элдеринин айтуучулары китебине 12 этностун өкүлү болгон 142 айтуучунун өмүр баяны кирди. Максаты айтуучулук өнөрдүн алкагында ар ким өз казанында кайнай бербей, өзүбүздү таанытуу, башкаларды таануу, окшоштук, айырмачылыктарыбыз тууралуу маалымат алмашуу болуп саналат. Китепке айтуучулар алфавиттик тартип менен жайгашып, алгач алтай элдеринен башталат. Ар этностон ар кандай санда айтуучулар кирди. Алардын өмүр жолу тууралуу маалыматтарды чогултууда ошол республикалардын, элдердин тиешелүү органдарына, илимий мекемелерине кайрылдык. Китептин дизайнын да өзүбүз иштеп чыгып, редакторлукту да өзүбүз ишке ашырдык. Буга чейин мындай форматтагы китеп жарык көргөн эмес. Эпосторго, дастандарга көңүл бурулуп, аларды текст түрүндө кагазга түшүрүп калуу менен алектенип жүрүп эле айтуучулук өнөр тууралуу көп нерсе жазылбай келген. Андыктан бул жаатта биздин китептин орду чоң десек болот. Өткөн жылы КМШ мамлекеттери катышкан эл аралык сынакта бул китептин ички мазмуну эле эмес, сапаты жагынан да жогору бааланып I даражадагы дипломго ээ болгонуна сүйүнүп турабыз", — деди Бакчиев.
Ал китеп орус тилинде жарык көргөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0