Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

2023-жылы хоккей боюнча алгачкы жолу кыздар командасы түптөлдү

© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргызстандын Хоккей боюнча федерациясынын биринчи вице-президенти Элзар Болотбеков
Кыргызстандын Хоккей боюнча федерациясынын биринчи вице-президенти Элзар Болотбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Жазылуу
Кыргызстандын Хоккей боюнча федерациясынын биринчи вице-президенти Элзар Болотбеков кыздар арасындагы хоккейге көңүл бурулуп, машыккандар көбөйө баштаганын айтты.
2023-жылы хоккей боюнча тарыхта алгачкы жолу кыздар курама командасы түптөлүп, Бангкокто өткөн Азия чемпионатына катышып, татыктуу атаандаштык көрсөтүштү. Бул тууралуу Элзар Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
2023-жылы хоккей боюнча алгачкы жолу кыздар командасы түптөлдү
Анын айтымында, өспүрүмдөр курамы Россияда, Казакстанда өткөн мелдештерге катышып, тажрыйбасын арттырып жатышат.
"2023-жыл Кыргызстандын хоккейи үчүн жемиштүү жылдардын бири болду. Бул спорттогу деңгээлибизди акырындык менен көтөрүп, жакшыртып жатабыз. Алсак, буга чейин дүйнө чемпионатынын 4-дивизионунун жана 3-дивизиондун "Б" категориясында чемпион болдук. Мындан тышкары, өткөн жылы хоккей боюнча тарыхта алгачкы жолу кыздар курама командасы түптөлдү. Алар Бангкокто өткөн Азия чемпионатына катышып татыктуу атаандаштык көрсөтө алышты. Кээ бирлери биринчи жолу чет өлкөгө чыгып, ири турнирде татыктуу оюн көрсөтүп беришти. Чемпионатта эки команданы утуп, экөөнө утулуп калдык. Албетте, жаңы негизделгени үчүн аз эмес кемчиликтер бар. Аларды жоюуга болгон күчүбүздү жумшайбыз, убакыт керек. Тилекке каршы, хоккейге ыңгайлашкан муз аянтчасы Бишкекте жана Нарында гана болуп жатат. Бара-бара көрсөткүчтөрүбүз жакшырса бизди колдогондор, көмөк көрсөткөндөр чыгар", — деди Болотбеков.
Ошондой эле адис Кыргызстанда кыздар хоккейинин келечеги бар экендигин, командалар көбөйсө дагы мыкты жыйынтыктар болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0