Балбак Түлөбаев президентти журналисттер менен жолугуп, мунасага келүүгө чакырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Жазылуу
Депутаттын айтымында, журналистер өздөрү да ичиндеги кээ бир тентектерди тыйышы керек.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бийлик ЖМК өкүлдөрү менен бир мунасага келбесе алдыда кыйынчылыктар жаралып калышы мүмкүн. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламентте билдирди.
Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, акыйкатчы, сот, прокуратура жана ички иштер органдарын жанына алып, журналисттер менен жолугуп сүйлөшүүгө чакырды.
"Чет өлкөлөрдөгү коомчулук бизге кайрылуу жасап жатат. Вашингтон, Лондондо, Токиодо отурган бир эксперт ички саясатыбызды каяктан билет? Алар бияктан жиберилген маалыматтарды эле алып жатат. Ошон үчүн медиакоомчулук менен сүйлөшүңүз, мунасага келиңиз. Бул азыр ушундай көрүнгөнү менен кийин өлкөгө залакасы тиет. Журналисттер өздөрү да ичиндеги кээ бир тентектерди тыйсын. Бийлик журналисттер менен мунасага барбаса алдыда кыйынчылыктар туулуп калышы мүмкүн. Себеби четтеги эксперттерге бул жакта отургандар анализ берет да, анан бир тараптуу чечим чыгарып жатат. Ошондуктан сизди отуруп сүйлөшүүгө чакырат элем", — деди Түлөбаев.
Белгилей кетсек, кечээ ар кайсы медиада иштеген 11 журналист эки айга тергөө абагына камалды. ИИМ аларды массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган деген кине менен кармаган. Андан мурун УКМК 24.kg агенттигинин редакциясына тинтүү жүргүзгөн, анын жетекчилери сурап берип жатат.
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Садыр Жапаров: башаламандык уюштуруу үчүн эл топтогондорго жооп катуу болот
Жаңылыктар түрмөгү
0