Каракол 100 мыкты stories тизмесине илиниши ыктымал. Добуш бериңиз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Каракол" Тоо лыжа базасындагы эс алуучулар. Архив
Каракол Тоо лыжа базасындагы эс алуучулар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Жазылуу
Кыргызстандыктар добуш берип, шаардын эл аралык аренада таанылуусуна көмөктөшө алышат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Каракол калаасы быйыл People's Choice Awards номинациясында мыкты 100 stories тизмесине илиниши ыктымал. Бул тууралуу "Дестинация Каракол" коомдук уюмунан кабарлашты.
Ага ылайык, 2023-жылы шаар дүйнөлүк туризм аренасында өзүн көрсөтө алган.
"Green Destinations 2023 эл аралык сынагындагы мындай жетишкендик Караколдун туризм тармагында болушунча аракет кылып жатканынан кабар берет", — деп жазылат уюмдун маалыматында.
Бул жылы аталган шаар People's Choice Awards номинациясында мыкты 100 stories тизмесине кириши мүмкүн. Каракол шаарын колдоп, аны эл аралык аренадан көргүңүз келсе бул шилтеме менен кирип добуш берсеңиз болот. Добуш берүү 29-январга чейин уланары айтылды.
Тоо-лыжа базасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Пресс-борбор
Департамент: быйыл Кыргызстандын туризм сектору үчүн ийгиликтүү жыл болду
Жаңылыктар түрмөгү
0