Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Кытай Зеленскийге капыстан сокку жасады

© AP Photo / Markus SchreiberУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Жазылуу
Украина бийлигинин башында тургандар дегдеген сүйлөшүүсүнө жетпей үйүнө кайтышты.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кытай делегациясынын Владимир Зеленский менен жолугуудан баш тартышы Киев үчүн бир топ эле сокку болду. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып жазды.
"Украинанын жетекчилиги бул апта ичинде Швейцарияда Пекиндин расмий адамдары менен жолугуу ниетин жашырган эмес. Бирок Владимир Зеленский дегдеген сүйлөшүүсүнө жетпей үйүнө кайтты. Бул Киев үчүн сокку болду",— деп жазылган материалда.
Кытай өкүлдөрүнүн мындай чечими, автордун айтымында, жолукпоо үчүн атайын эле кабыл алынган.
Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак аталган державанын Украина демилгелеп жаткан "тынчтык формуласы" деп аталган сүйлөшүүлөргө катышпаганы Киевди өкүндүрөрүн билдирген. Ал эми алардын ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба Польшанын Uklad Sil журналына берген маегинде Киев Пекин менен активдүү мамиле түзүүнү каалаарын, аталган өлкө чатакты жөнгө салууда өзүнүн ролун ойноорун айткан.
Эске салсак, Украина "тынчтык саммитине" Кытайдын катышуусуна кызыкдар экенин билдирген. Зеленский "дүйнөдө Кытай чоң ролду ойноорун, өлкөнүн да "тынчтык форумунда" болуп, саммитке катышуусун каалаганын" айткан эле.
Президент РФ Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай басылмасы: Жакында Зеленский Путинден сүйлөшүү жолуна өтүүнү суранат
Жаңылыктар түрмөгү
0