Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн башчысынын орун басары жолукту

© Sputnik / пресс-служба Правительства РоссииРоссия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолукту
Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда тараптар соода-экономикалык кызматташуунун негизги маселелерин карап чыгышкан. Билим берүү, энергетика, аймактар аралык кызматташуу жана өнөр жай кооперациясына өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

"Жапаров менен Оверчук Кыргызстанда орус тилдүү тогуз мектеп куруу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн, 11-Россия-Кыргыз аймактар аралык конференциясын жана Россия менен Кыргызстандын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын 25-жыйынын өткөрүүгө көрүлгөн даярдыктарды талкуулашты", — деди маалымат кызматы.

Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаров Москвада жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаров Москвада жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0