Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Америкалык мурдагы чалгынчы Украина согушу үчүн россиялыктардан кечирим сурады

© Sputnik / Андрей Бортко / Медиабанкка өтүүАКШнын Деңиздеги аскер күчтөрүнүн мурдагы чалгынчысы, аскердик аналитик Скотт Риттер
АКШнын Деңиздеги аскер күчтөрүнүн мурдагы чалгынчысы, аскердик аналитик Скотт Риттер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Аналитик "АКШ себепкер" болгон согуш "алып келген курмандыктардан" улам украиналыктарга да кайрылган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШнын Деңиздеги аскер күчтөрүнүн мурдагы чалгынчысы, аскердик аналитик Скотт Риттер Америка элинин атынан атайын операцияда жакындарынан айрылган россиялыктардан Вашингтондун Украинада согуш отун жакканы үчүн кечирим сурады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Мен америкалык жаран катары силерге жасагандарыбыз үчүн кечирим сурайм. Бул азаптуу нерсе. Америка эли өзүнүн бийлигине Россияга зыянын тийгизгенге мүмкүнчүлүк берип койду. Жакынын жоготкон ар бир эне, ар бир жар, ар бир кыз же уул бизди кечирет деген үмүттөмүн. Бизди кечирип койгулачы. Туура эмес кылдык", — деген Риттер "Россия сегодня" медиатобунун маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынында.
Аналитик "АКШ себепкер" болгон согуш "алып келген курмандыктардан" улам украиналыктардан да кечирим сураган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.
Ал атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Россиянын чек арасына жакындай берген.
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык экс-чалгынчы: 2024-жылы Зеленскийдин бийликтеги акыркы жылы болот
Жаңылыктар түрмөгү
0