Улуттук банк программисттерди жумушка чакырат. Талаптар

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРПрограммисттер Бишкектеги коворкинг центрде иштеп жатышат. Архив
Программисттер Бишкектеги коворкинг центрде иштеп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Жумуш издегендер башкы банкка 1-февралга чейин кайрылса болот.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Улуттук банктын "Санарип сом" долбоордук тобу программисттерди жумушка чакырат. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы билдирди.
Жумуш издегендер резюмесин 1-февралга чейин mail@nbkr.kg электрондук дарегине же (0555) 66 58 40; (0999) 03 02 91 WhatsApp тиркемесине "Долбоордук топко" деген көрсөтүү менен жөнөтсө болот.
Программисттерге төмөнкү талаптар коюлат:
жогорку техникалык билим;
IT тармагында бир жыл же андан көп иш тажрыйбасы;
жок дегенде бир нече программалоо тилин билүү, блокчейн-технологиялар, токен, акылдуу контракт жана башка тармактагы билимдер кабыл алынат;
документ менен иш алып баруу деңгээлинде англис тилин билүү.
Жумуш тууралуу толук маалымат алуу үчүн (0312) 66 90 56 номерине кайрылууга болот.
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Былтыр 11 айда сыртка 420 млн. доллардан ашык акча которулган
Жаңылыктар түрмөгү
0