Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мураталиев: төкмөлүк — манасчылыктай эле касиет

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев төкмөлүк менен жамакчылыктын айырмасына токтолду.
Төкмөлүктү манасчылыктай эле касиет деп билүүбүз керек. Төкмөнүн жамакчыдан айырмасы чоң. Мындай пикирин Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мураталиев: төкмөлүк — манасчылыктай эле касиет
Анын айтымында, кыргыз түшүнүгүндө касиетти адам өзү тандап же өркүндөтүп ала албайт.
"Кыргыз дүйнөсүндө "касиет" деген түшүнүк бар. Биз төкмөлөрдүн ким экенин түшүнүшүбүз үчүн алгач касиет эмне экенин билип алышыбыз керек. Манасчыларды касиет даарыган адам деп, алар жогору жактан келген кандайдыр бир аяндын негизинде манасчы болуп каларын угуп-билип жүрөбүз. Адам отуруп эле манасчы болуп калбайт. Муну Жараткандын берген касиети, тандоосу деп түшүнсөк болот. Манасчылардын эпосту даңазалап, аны кийинки муунга жеткирүү озуйпасы болгондой эле, төкмөлөр да милдет артынган касиеттүү адамдар. Аларга бул Жараткандан берилип, элге-журтка акты жайылтуу милдети артылат. Акты, адилеттүүлүктү, калыстыкты жайылтып, курч сөз, бал тил менен мына ушул күчтөрдүн бул дүйнөдө унутта калбашын, керек болсо адамзатынын жашоосунун маңызын түзүшүн улам эскертип туруучулар төкмөлөр болот. Каалаган эле киши барып төкмө боло албайт. Азыр бизде эки сөздү уйкаштырып кошуп айткандарды деле төкмө деп жүрүшөт, жок, алар жамакчы. Жамакчылыкты, төкмөлүктөн айырмаланып, өнүктүрсө болот. Билимдин, тынбай кайталоонун, тажрыйбанын арты менен жамакчылыкты өстүрүп алганга адамдын күчү жетет. Ал эми төкмөлүк берилген соң аны өзгөртүүгө адам кудуретсиз", — деди Мураталиев.
Ал төкмөлөр да манасчылардай эле аян алып, ар кандай куракта төкмө болуп келишкенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0