Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Балада анемия эмнеден улам пайда болот?

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук онкология жана гематология борборунун гематология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку категориядагы дарыгер, гематолог Ормон Жакыпбаев
Улуттук онкология жана гематология борборунун гематология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку категориядагы дарыгер, гематолог Ормон Жакыпбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2024
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунун гематология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку категориядагы дарыгер, гематолог Ормон Жакыпбаев анемияны алдын алуу жана дарылоодо эмнеге көӊүл буруу керектигин айтып берди.
Өлкөдө балдардын 47 пайызы аз кандуулук менен жабыркайт. Анемия баланын дене боюнун жана интеллектуалдык жактан өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Ормон Жакыпбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Балада анемия эмнеден улам пайда болот?
Анын айтымында, аз кандуулук менен жабыркаган балдардын иммундук системасы алсыз болуп бат-бат оорушат.
"Аз кандуулук — эритроциттердин санынын керектүү көрсөткүчтөн төмөн түшүп кетиши. Анын башкы себеби организмдеги темирдин жетишсиздиги болууда. Тактап айтканда, организмде темир жетишсиз болсо эритроциттер керектүү көлөмдө гемоглобин өндүрө албайт. Бул аталган илдеттин дүйнөдө эң кеңири тараган түрү. Анемия В-12 витамини жана фолий кислотасы жетиштүү көлөмдө болбогон учурда да пайда болот. Ошол эле учурда бөйрөк оорулары, артрит жана кургак жөтөл да аз кандуулуктун себеби болушу ыктымал. Балада аз кандуулуктун пайда болушунун себептери ар кандай болушу мүмкүн. Бала түйүлдүк кезинде эненин организминен болжол менен 300-400 миллиграммга чейин темир алышы керек. Ымыркай жетиштүү витамин албаса, ал анемия болуп калышы ыктымал. Ошондой эле ар кандай оорулардан улам үзгүлтүксүз кан жоготуу, тери оорулары, метаболизмдин бузулушу жана темирди сиңирүү жөндөмдүүлүгүнүн аздыгы, туура эмес тамактануу да аз кандуулукка алып келет. Балдардагы аз кандуулукту дарылоо үчүн биринчи кезекте ооруну пайда кылган фактор аныкталат. Кан анализинин жардамы менен аз кандуулуктун жалпы абалы жана түрү аныкталат. Андан кийин курамында темир бар дары менен дарылоо башталат. Ымыркайларга дары сироптору жана тамчылары колдонулат. Дарылоо учурунда жана андан кийин үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, баланын жалпы абалын көзөмөлдөп туруу керек. Аз кандуулукту алдын алуу үчүн витаминге бай тамакты жеш керек. Бирок анемиядан жалаӊ гана туура тамактануу менен арылуу мүмкүн эмес", — деди Жакыпбаев.
Ал аз кандуулук менен жабыркаган баланын өңү кубарып, энтигип, башы айланып, ооруп, кулагы тунжурап, тез чарчап, алсырап каларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0