Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 97 жашында каза болду

© пресс-служба мэрии города Бишкек97 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдулхалик Гайсин
97 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдулхалик Гайсин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте 97 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдулхалик Гайсин каза болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Гайсин1944-жылы 20-ноябрда Советтик Армиянын катарына чакырылып, бир жылдан кийин Ыраакы Чыгышка которулган. Кытайдын Харбин шаарында байланышчы болуп кызмат кылган. Япония менен болгон согуштун катышуучусу 1946-жылы май айында Хабаровскиге кайтып келген. 1951-жылы март айында армиядан демобилизацияланган.
Тынчтык мезгилинде1973-жылга чейин Аягуз шаарында, андан кийин Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо электрик болуп иштеген.
Эрдик үчүн, Германияны жеңгендиги үчүн медалдары жана Жеңиштин урматына юбилейлик медалдар менен сыйланган.
Ардагердин 6 небереси жана 12 чөбөрөсү бар.
Тажикстандан аюу алдырып... Акжолтой тасмасынан таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Тажикстандан аюу алдырып... "Акжолтой" тасмасынан таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0