Коюу тумандан улам "Ош" аэропортундагы каттамдар кармалууда

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"Коюу тумандан улам "Ош" аэропортундагы каттамдар кармалууда
Коюу тумандан улам Ош аэропортундагы каттамдар кармалууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бүгүн, 20-январда, "Ош" эл аралык аэропортун каптаган коюу тумандан улам авиакаттамдардын бардыгы кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

"Аэропортту саат 10:00дөн тарта коюу туман каптап турат. Учурда аэродромдун айланасында көрүү мүмкүнчүлүгү горизонтал боюнча — 30,48 метр, вертикаль боюнча 32,91 метрди түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Аэропорттон рейстер тууралуу кошумча маалымат берилерин кабарлашты.
А.Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрынын имаратынын Бишкекте жааган кар маалындагы көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
20-январга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0