Кыргызстанда талаптарга жооп бербеген 15 касапкана жабылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМалдын этин устакандап жаткан касапчы. Архив
Малдын этин устакандап жаткан касапчы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2024
Жазылуу
Өткөн жыл ичинде ветеринардык-санитардык талаптарды бузган касапканаларга 225 миң сом айып салынган.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бардык ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген, ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталган 10 мал союучу жай бар. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган касапканалар эт азыктарын сыртка сата алат. Өлкөдө жалпысынан 101 касапкана Ветеринардык кызматтын реестрине катталган.
"Анын ичинен 15и талаптарга жооп бербегендиги үчүн жабылды. Сегиз мал союучу жай биздин каттоодон алынып, бүгүнкү күндө 86 касапкана иш жүргүзүүдө. Ошондой эле өткөн жыл ичинде ветеринардык-санитардык талаптарды бузган касапканаларга 225 миң сом айып салынды", — деди Шарапов.
Кыргызстандагы 45 мал базардын ичинен 20сы талаптарга жооп бербей тургандыгы белгиленди.
"Бул боюнча тийиштүү кызматтарга көрсөтмөлөр берилген. Өткөн жыл ичинде мал базарларга 160 миң сом айып пул салынды", — деп маалымдады Шарапов.
Малга укол сайып жаткан ветеринар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Ветеринар, фермерлер акысыз окутулат. Кайда кайрылуу керек?
Жаңылыктар түрмөгү
0