Министрлик: өлкөдө калктын кирешеси эки жылда 40%га өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековЭки миң сомдук купюраларын санап жаткан кыз. Архив
Эки миң сомдук купюраларын санап жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Жазылуу
Өткөн жылда орточо айлык акынын көлөмү 32 142 сомду түзгөн.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда калктын кирешеси акыркы эки жылда 40 пайыздан ашык өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.
Мекемеден белгилешкендей, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык акы 32 142 сомду түзгөн. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,6 пайызга көп.
"Ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эсепке алганда 8,6 пайызга өстү. Пенсиянын орточо өлчөмү 19,5 пайызга, айлык, социалдык жөлөк пул 2 эсеге көбөйгөн", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Банк кызматкери доллар менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Узаган жылдын 10 айында мигранттар Кыргызстанга 1,8 млрд. доллар которду
Жаңылыктар түрмөгү
0