Байыркы кыргыздардын экологиялык көз карашын чагылдырган. "Кожожаш" дастаны

© Фото / Александр ФедоровКожожаш фильминен кадр. Архив
Кожожаш фильминен кадр. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Жазылуу
"Кожожаш" – кыргыз элинин байыркы учурдагы турмушун, ошол кездеги элдин жашоо үчүн күрөшүн, табият жана адам мамилесин чагылдырган чыгарма.
Дастан кылымдардан кылымдарга оозеки айтылып келип, өткөн кылымда гана бир нече варианты жазылып алынган. Алардын ичинен мазмуну, көркөмдүгү жогорусу – Алымкул Үсөнбаевдин варианты. Эпосто Кожожаш мергендин бир айыл элди баккандыгы, бирок анын аягы мергендин Сур эчки менен кармашып, кайберендин каргышына калып, трагедияга учураганы көрсөтүлөт.
Бүгүн ошол дастан тууралуу окурмандарга айтып беребиз.
Кожожаштын тарых-таржымалы. Кожожаш Таластагы кытай уруусунан чыккан Карыпбай деген кишинин баласы болуп, бала чагынан эле чырпыктан жаа, чийден ок жасап, мылтык атып өскөн. Бул уруу Таластын этек жагында Күркүрөө суусунун боюнда жашап турган. Кожожаш 14-15 жашынан атканын жаза кетирбеген мерген аталат. Ошол кезде Карыпбайдын жалгыз уулу Кожожаштын өнөрү менен гана жан сактаган жыйырма түтүн эл калгандардан бөлүнүп, Таластын башындагы Каракол деген жерге келип отурукташат. Бул жер бийик тоолор менен курчалган, эчки-текеси көп аймак болгон. Кожожаш аларды жүз болсо да бирин койбой атып, алып кеткиле деп айлына кабар берип, өзү андан ары уусун улантып кетчү. Кийгени кийик териси, бутунда чарык, тоо-ташты аралап жүргөнү жүргөн. Кийик этинен өксүү тартпаган туугандары ага батасын берип, улам ууга чыгууга көкүтүп турат.
Кожожаштын Каракожонун кызы Зулайкага үйлөнүүсү. Зулайка ашкан сулуу, акылдуу кыз болуп, жигиттен жигит тандап, өзүнө тең болор жар табуу үчүн сыноого келгендерге тапшырма берип ар кандай эрегиш-мелдештерди өткөрөт. Кыз койгон шартты бир да жигит аткара албай жүргөндө Кожожаш да барат. Тапшырмалардын баарын аткарып, ак сайлуу ак бараң мылтыгы менен өз өнөрүн эл алдында, кыз кашында көрсөтүп сынга толот. Экөө үйлөнөт. Жаш жубайы Кожожаштын мергенчилик кылып эл багышын жактырбайт. Табияттын жан-жаныбарын аёо керектигин айтса, мерген күйөөсү анчалык таназар албайт. Балалуу болушат. Кожожаштын түнү түшүнөн, күнү оюнан мергендиктин ышкысы, аңчылыктын азгырыктуу кумары кетпейт.
Кожожаштын жана Сур эчкинин түшү. Ушундай күндөрдүн биринде Кожожаш аян берчү түш көрөт: мурдагыдай жолу шыр болбой, кийик таппай убараланып жүрүп Ак-Тоскоктун алдынан, Көк-Тоскоктун үстүнөн отуз улак, кырк чебич жуушап жатканын баамдайт. Далдаага жылат, атын тушап, жашынып, бараңына сүмбөлөп дары куюп, эчкинин баарын кырат, анан эле адам уулу бара албас ак жалама боорунда, ылдый тартып түшө албай, өйдө тартып чыга албай кук эткен кузгун, как эткен карга жок зооканын ортосунда өзү жалгыз туруп калат. Бул түшүн Зулайкага айтса, Зулайка аны жамандыкка жоруйт. Дал ушул кезде Кара-Үңкүрдө жаткан Сур эчки да түш көрөт. Анын түшүндө өткүр мерген, өчтүү мерген Кожожаш анын улактарын түгөлү менен атып түгөтүп, тукумун курут кылат. Сур эчки ыйлап, текеси Алабашка бул жерден кетели десе Алабаш көнгөн жерден, жакшы жайыт, жашыл түздөн кеткиси келбейт. Сур эчки аны көндүрүп, ылайыктуу жер таппай кайра эле ушул жайытына кайтат.
Кожожаш Сур эчкиге ант берет. Бир күнү таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, асманда торгой чулдурап, уларлар ташта чукулдап жерге жарык тарап атканда Карыптын уулу Кожожаш булгаары таман чоң чарыгын бутуна чырмап, бүтүн кайыш, кең кисени белине байлап, казанга суу жылытып бараңын жууду, анан атына ыргып минди. Кожожаштын аңчылыкка дээликкенин Зулайка билди да, барба деп суранса мерген болбоду, бараңын оң далыга илди да коштошуп кете берди. Көпкө жүрдү, кылт эткен кийик жок, атып эле жүргөн жерим деп таң калды. Ак-Соң-Көлдүн белине чыкты – жок. Бир убакта куду түшүндөгүдөй Ак-Тоскоктун алдынан, Көк-Тоскоктун үстүнөн отуз улак, кырк чебич көрүндү, кабакка жылып кирип, сүмбөлөп окту уруп, ак бараң менен эки улакты кароолго алды. Муну көрүп калган улактар кырылып түгөл өлдүк деп, кыйратчу мерген келди деп атасы Алабашка айтып барса ал ишенбей, кайра барып билип келгиле деп жиберди. Ошол күнү мерген улактын баарын кулатты, аман калганы Кара-Үңкүрдүн ташына качып барды. Бул жерде Кожожаш Алабашты да атты, акты суудай майлары, Алабаштын уругунан бирөөн койбой жайлады. Баарын кырып, дагы кимиси калды экен деп караса Сур эчки келе калды алдына, анын улагын тебетейдей тоголото атты. Ошондо Сур эчки мергенден Алабашты сурайт, берип кет дейт, "ыйлатпа мендей энеңди", "сен да жалгыз элең атадан" дейт. Мындай сөзгө Кожожаш ачуусу келип, "колуңдан келсе жутуп кой Карыптын жалгыз баласын" деп айтканын аткарбайт. Адырдан аркар, кулжа атканын, аска менен зоолордон аюуну атып кулатканын айтып мактанат. Жарым жан болуп жаткан Алабаштын башын кесип алат. Бу мергенден жакшылык жок экенин түшүнгөн Сур эчки: "Кожожаш, мен дагы сенин бейитиңди табармын", — деп жаз келип күн жылыганда анын көзүнө бир көрүнөрүн айтып турганда, мерген "какшай бербе, куу эчки, сага мени башынан кас кылып кудай жараткан" деп жазында айылына аксак болуп барса ок коротпой кууп кармап аларын айтып мактанат. Муну дароо илип алган Сур эчки "ушул сөздөн кайткандын төбөсү бийик көк урсун, төшү жалпак жер урсун, мылтыгың ала жүгүрсөң, биринчи кудай сени урсун!" деп антташат. Жогорудагыдай Алабашынан жана эки улагынан айрылган Сур эчки Кожожаш мергенге "каардуу суук кыш кетип, жаркырап жылып жаз келсе, жылкычыңа барармын", "калың кар кетип кыш өтсө, капчыгайга эл конор, ошондо сенин көзүңдүн жашы көл болор" деп жаз келсе бир көрүнүү үчүн, андан өчүн алуу үчүн кыш бою камынат.
Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт
Кожожаш кыш ичи үйүндө жатып калат. Ошондон кийин "Кожожаш Зулайкага сырын айтты" деген бөлүм берилет. Ал бөлүмдүн мазмуну боюнча, Кожожаш Сур эчкинин кектүү кеткенин эч кимге айта албайт. Бирок муну Зулайка сезет. Бир күнү Карыпбай таңкы багымдат намазга даарат алганы чыгып, бет алдына келе калган аксак эчкини көрөт. Карыпбай жылкычыларга "тигил эчкини кармап келгиле" деп буйрук берет. Бирок аксак эчки эч кимге карматпайт, улам андан-мындан көрүнүп адамдарды азгыра берет. Бул кабарды Кожожашка жеткиришет. Ал канчалык эчкиге жакын баргысы келбесе да башкалар аны намыстантып, кыйнай беришет. Ошондо Кожожаш жаңы алган жары Зулайкага келип Сур эчкинин артынан түшүүгө уруксат сурайт. Зайыбы менен коштошот. Эли-журтун, ата-энесин Зулайкага тапшырат. Зулайка анын бир эчкини кууп артынан барышына каршы чыгат, "коргошун октуу темирге, кочуштап кызыл чок салба" дейт. Болбой эле Кожожаш элден бата алып жолго чыгат.
Кожожаш Сур эчкинин изине түштү. Баягы аксак эчкинин буту соо боло калып, мергенди алдап качып жөнөйт. Мерген эчкинин сары изине саргая түшөт, куу изине кубара түшөт. Күнү менен түнү жүрүшөт, агарган мөңгү зоо менен, аскасы бийик тоо менен, агарган шамал жел менен, артуу-артуу бел менен, адам жүрбөс жер менен, туюк жалтаң төр менен, заңгыраган сай менен, салкын шибер жай менен куушуп отурат. Кашкардын тоосун кыдырат, Челек менен Чырымга барат. Кочкордун кызыл талаасын аралайт, Ат-Башы менен Нарынга жетишет, Кетмен-Төбө, Кең Алайдан, Сары-Үңкүр менен Ак-Сайдан, Шамшыкал, Ак-Түздөн, Мазар-Сай менен Кызыл-Чаптан өтөт. Таластын башы Суусамырды аралашат. Андан кийинки куушкан жерлери: Капка-Таш, Көк-Мойнок, Чат-Карагай, Ийри-Көл, Таар-Кап, Көкөм, Таластын башы Чоң-Кошой, Балыкты, Үч-Чүрөк, Ала-Бел, Өтмөк, Муз-Төр, Желди-Суу, Жаргарт, Сандык, Куйрук-Улач сыяктуу жер-суулар. Канча куушса да жетишпейт.
Зулайка Кожожашты издеп чыгат. Арадан кыйла мезгил өтөт. Мергенден эч дайын чыкпайт. Атасы карып калды, "мен өлсөм ким ыйлайт" деп арып калды. Бир кезде жалгыз өзү кийик эти менен багып чыккан кытай уруусунан аны издөөгө бир адам батынбайт. Мына ошондо кайнатасынын батасын алып, жарын издеп, эркектин кийимин кийип Зулайка өзү чыгат. Айлар айга кошулуп, акыры азап-тозоктун баарын көргөн Зулайка Кожожашты Таластын Керме-Тоолорунан Сур эчкиге жетейин-жетейин эле деп калган жеринен табат. Экөө учурашат. "Муну кууганыңды токтоткун" дегенде Кожожаш дагы көнбөйт, антынан кайтпай турганын айтат. "Кармаймын деп эчкини, калды колум сунууга, эчкини кармап алмакмын, мойнуна курум салмакмын, антташкан эчким ушу деп, айылга алып бармакмын", — деп көгөрүп коёт. Зулайка "асынып жүргөн темирден, акыры көрдүң кесирди" деп кабатырланып, кейип, кайра айылга кайтат.
Сур эчкинин Кожожашты аскага камашы. Зулайка келип, Кожожаш ага алаксып калганда шайы кеткен эчки куурай түбүнөн бир нерселерди терип жеп күч ала түшөт. Куушуп кең Чаткалдын сайын өрлөп жүрөт. Экөөнөн тең дарман кетет. Сур эчки жөн эчки эмес кайберен экен. Авлетимдин аскасына алып барып камоону ойлоп жүрүптүр. Ошол жакка качат. Кайберен караңгы туман бастырат. Кожожаш таппай турганда Сур эчки таш үстүнөн көрүнөт. "Берсеңчи, кудай, мергенди, тукумум таза тергенди, Алабашым өлтүрүп, аны менен нысап кылбастан, артымдан кууп келгенди, турган жери зоо болсо, мага тутушкан душман жоо болсо, асманды аска тиресе, мерген болбой куруп кал, аскадан түшпөй туруп кал, чөп саргайып күз болсун, таманың алды түз болсун, туруп кал, мерген, аскада, тууганга кыйын иш болсун, кайрыла турган жагыңа, карагай чыксын бутактап, калгын, мерген, аскада кара ташты кучактап, толгоно турган жагыңа, долоно чыксын бутактап, тосулсун жаның аскада, бозоргон ташты кучактап", — деп каргайт. Кайберендин каргышы тийип Кожожаш аскада калат.
Кожожаш калган аска. "Кожожаш" эпосунун китеп болуп элге кеңири тараган варианты таластык акын Алымкул Үсөнбаевден жазылып алынган дедик. Ал вариантта мерген камалган аска Аблетим (Афлатун, азыркы Аксы районунда) тоосу, Ысык-Көл, Чүй тараптагы варианттарда Кожожаш камалып өлгөн аска Көк-Ойрок тоосунда (азыркы Кемин районунда) десе, Кытайдагы кыргыздар Кожожаштын атасын Куумерген аташып, анын турган жери деп Үч-Турпан аймагын көрсөтүшөт.
Байыркы кыргыздардын экологиялык, этикалык, философиялык көз караштары сиңдирилген. Адамдардын түшүнүгү боюнча, эзелтеден эле табиятта жашаган ар кандай жан-жаныбарлардын, тоо-таштын, суунун колдоочусу бар, алар ар кандай сыйкырдуу күчтөргө ээ деп эсептешкен. Мына ушул ишенимдердин жана тыйымдардын көпчүлүгү бул же тиги урууда болгон анималисттик, тотемдик көз караштар менен, бул же тигил буюмдун, жаныбардын культу менен байланышат. Андыктан бардык нерсенин колдоочусу, пири болот дешип, ошол пирлеринен корккон да, аларга жамандык кылса колдоочулары жазалап жатат дешкен. Ушундай күчтөрдүн алдында адамды алсыз деп ойлошуп, эгер ал ченемден чыгып, ыйман-ынсабын тебелеп, ашыкча сугалактык кылып, өз напсисин ашкере агытып жиберсе адам өз жазасын тартууга тийиш деген идея, түшүнүк көп толгонткон. "Кожожаш" эпосуна элдин ошол тотемдик (адамдарды кандайдыр бир жандыктар же башка буюмдар менен теги, каны бир болгон же ошондон келип чыккан деген түшүнүк) жана анималисттик (ар кандай нерсенин жаны, колдоочусу бар, Жараткан баарын башкарып турат деген көз караш) идеялары терең сиңген. Жазуучу Чыңгыз Айтматов бул эпос тууралуу: "...аң уулап, мергенчилик менен мээнеттүү өмүр сүргөн адамдын, табиятка таазим кылган эзелки муундардын жаратылыштын жапан күчтөрү менен күрөшкөн турмушу жөнүндөгү эң байыркы драмалык дастан", – деп айткан. Мындагы көңүл буруучу учур – "Кожожашта" мына ушул байыркы адам жана табият биримдигинде тең сакталып келген баланс бузулат. Мисалы, мергендер, биринчиден, бооз кезинде, төл учурунда эчкини аткан эмес; экинчиден, мерген менен бетме-бет келип, көзү жалдырап турган эчки-текени аткан эмес; үчүнчүдөн, өзүнүн керектөөсүнөн тышкары көп аткан эмес; төртүнчүдөн, оңко тургузган соң аңчылыкка чыккан эмес. "Кожожаш" эпосунда ушул гармония, ушул заң, ушул эреже бузулду. Ата-бабадан келе жаткан эрежеден Кожожаш чыгып кетти. Ошол үчүн Сур эчки каргап жатат. Кыргызда адамдар эң биринчи кезде каргыштан корккон. "Каргыш алган адам оңолбойт", "каргышка калган", "каргышы тийди", "каргышка калба" деген сыяктуу сөздөр айтылат. Каргоодо эң бир таасирдүү, жаман, күчтүү сөздөр айтылат. Карабайсыңарбы, Сур эчкинин каргышынын айрым учурларын: "Шатың сынып кыйрасын, атаң менен энеңиз, көзүнөн жашын тыйбасын", "Каалап алган Зулайка, караны кийип ыйласын, сөөгүң ташта куурасын", "Жерге түшпөй асылып, аскада калсын бир башың!" Мына ошол каргыш менен Сур эчки "сага мен энелигимди тааныттым" деп айтып жатат. Демек, ал энелик каргышын билдирип атат. Улактарын аткан соң, суранса болбой Алабаш текесин аткан соң, колунда куралы бар адам менен кармаша албаган соң жаныбардын бир гана айласы калды, ал – каргыш.
Эпосту "ээрчибей" койгон "Ак илбирс". Чыгарманы негизге алып Төлөмүш Океев "Ак илбирстин тукуму" ("Потомок белого барса") деген эки сериялуу эң мыкты фильм тарткан. Бирок ал элдик эпостун сюжетинен (түп нускадан) алда канча алыстап кеткен. Мар Байжиев "Байыркы жомок" деген драмасын жазган.
Кырчын капчыгайында улуттук кийимчен чабандес. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
"Эр Табылды" дастаны тууралуу 12 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0