Чүйдө сноуборд тээп жүрүп жардан кулап кеткен адам куткарылды. Видео

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСноуборд тээп жүргөн киши. Архив
Сноуборд тээп жүргөн киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Жазылуу
Жабыркаган жигитти куткаруучулар 100-150 метр ылдыйдан алып чыгышкан.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Куткаруучулар Аламүдүн районундагы "Кашкулак" лыжа базасында сноуборд тээп жүрүп жардан кулап кеткен адамды алып чыгышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруу учурундагы видеону жарыялады.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 20-январда 23 жаштагы адам сноуборд тээп жүрүп коктуга түшүп кетип, бутун кокустатып алган. Чакырылган жерге алты куткаруучу барган. Алар жабыркаган кишини алып чыгуу үчүн 100-150 метр ылдый түшүп, аман алып калышкан.

"Кызматкерлер тургунду Бишкек шаарына алып келишкен. Абалы жакшы", — дешти ӨКМден.

Балыкчыда жука тоңгон музда ойноп сууга түшүп кеткен балдар куткарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Балыкчыда жука тоңгон музда ойноп сууга түшүп кеткен балдар куткарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0