Салык кызматында иштегиңиз келеби? Мекеме конкурс жарыялады

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРСалык кызматын кызматкерлери. Архив
Салык кызматын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Жазылуу
Документтер 31-январь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялады.
Маалыматка ылайык, сынакта административдик мамлекеттик кызмат орундары башкы, улук жана кенже топторго тандалат. Резерв бир нече блоктон турат, анда жогорку билим профилине, иш стажына жана ар бир блокко карата тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.
Катышууну каалагандар талап кылынган документтерди тапшырып, компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөө этабында тийиштүү балл топтогондор аңгемелешүүгө чакырылат.
Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер кадрлар резервине киргизилет.
Документтер 31-январь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Толук маалымат, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын тизмеси, квалификациялык талаптар, керектүү документтер, документтерди кабыл алуу үчүн даректер ведомствонун сайтына жайгаштырылган.
Жаңы ишканаларга кадрлар даярдалсын. Акылбек Жапаров ректорлорду чогултту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жаңы ишканаларга кадрлар даярдалсын. Акылбек Жапаров ректорлорду чогултту
Жаңылыктар түрмөгү
0