Өкмөт: Кыргызстанда жумушчу күч жетишсиз, кесиптик курстарды ачуу керек

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТигүү цехинде иштеп жаткан кыз. Архив
Тигүү цехинде иштеп жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
Жыйынга аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлору да чакырылган, алар облусту өнүктүрүү боюнча маалымат беришүүдө.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын динамикалуу экономикасы жумушчу күчкө муктаж, кадрлар жетишпей жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жапаров бүгүн жети облустун башчыларын, Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин чогултуп отчетторун, 2024-жылга карата пландарын укту.
Төрага быйыл 250 миң жумушчу орунун түзүү маселеси бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн эң негизги маселе болушу керектигин белгиледи.
"Ар бир ишкердин, инвестордун артынан чуркаш керек. Эмгек ресурстарына болгон мамилени түп-тамырынан кайра карап чыгуу зарыл. Биздин динамикалуу экономикабыз жумушчу күчкө муктаж, кадрлар жетишпей жатат. ЖОЖдордун алдында квалификацияны жогорулатуучу жана кесиптик-техникалык курстарды ачуу зарылдыгы бар. 16 жаштан 60 жашка чейин бардык каалоочулар жаңы квалификацияга ээ болушу керек", — деди Жапаров.
Жыйынга аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлору да чакырылган, алар облусту өнүктүрүү боюнча маалымат беришүүдө.
Өкмөт башчы республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышын мындан ары дагы жакшыртуу үчүн аймактарда өндүрүш ишканаларын жандантууну, Салык кызматына ишкерлерди жетиштүү деңгээлде ККМ менен камсыз кылууну тапшырды.
Министрлер кабинетинин жыйыны  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Акча юбилей, тойго кетти деген болбосун! Жапаров облус башчыларын чогултту
Жаңылыктар түрмөгү
0