Дан эгини азайып, мөмө-жемиш көп болду. Былтыркы түшүмдүүлүк боюнча сандар

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүТалаадан буудайдын түшүмүн жыйноо. Архив
Талаадан буудайдын түшүмүн жыйноо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
2023-жылдын жай айларындагы катуу ысыктан улам буудайдын түшүмү 25,7 пайызга, арпанын жыйымы 29,2 пайызга азайган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2023-жылы 1,6 миллион тонна дан эгини алынды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Билдирмеге караганда, жогорудагы көрсөткүч 2022-жылдагыдан 13 пайызга аз.
2023-жылдын жай айларындагы абанын өтө жогорку температурасынын кесепетинен буудайдын түшүмү 25,7 пайызга, арпанын жыйымы 29,2 пайызга азайган.
Бирок 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырганда өткөн жылда кант кызылчасынын түшүмү 32,7 пайызга, тамеки 19,2 пайызга көп жыйналган. Жүгөрү 9,2 пайызга, жашылча өсүмдүктөрү 4,6 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 4,2 пайызга көп алынгандыгы белгиленген.
Картошка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Картошка өстүрүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБдин алдыңкы үчтүгүндө
Жаңылыктар түрмөгү
0