Ракты алдын алат. Диетолог капустанын пайдасын түшүндүрдү

© Фото / Unsplash / Heather FordКызыл капустаны туурап жаткан кыз. Архив
Кызыл капустаны туурап жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
Адис бул жашылчанын бардык түрүндө пайдалуу заттар көп экенин айтат.
БИШКЕК, 22-янв. —Sputnik. Диетолог Александра Разаренова Sputnik радиосуна курган маегинде капустанын организмге пайдалуулугун түшүндүрүп берди.
Адис белгилегендей, аталган жашылчанын бардык түрү витамин, минералдарга, антиоксиданттарга абдан бай.
"Ак капуста С жана К витаминдеринин булагы болуп саналат, ошондой эле тамак сиңирүү үчүн пайдалуу. Кызыл капуста, түстүү, брюссель капусталарында жогорудагы витаминдерден тышкары калий, фолий кислоталары көп. Ал эми брокколиде да ушундай пайдалуу заттар менен бирге кальций, А витамини бар. Аталган жашылчанын кайсынысы эң пайдалуу экенин аныктоо мүмкүн эмес", – деген Разаренова.
Дарыгер капустанын бардык түрү адамдагы жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтып, иммундук системаны күчтөндүрөт.
Ошол эле учурда тамак сиңирүүнү, терини жакшыртат.
"Мындан тышкары, ал ракты алдын алууга жардам берет. Себеби капустада глюкозинолаттар болгондуктан аны чайнап жатканда сульфорафан активдүү биологиялык заты иштелип чыгат. Айрым иликтөөлөр сульфорафан рактын ар кандай түрлөрүнөн сактай турганын аныктаган", – деп түшүндүргөн диетолог.
Өз кезинде адис капустаны чийки жээрден мурда организмдин индивидуалдуугун эске алуу зарылдыгын кошумалаган. Айрымдар аталган жашылчаны көп жегенде ичи көбүшү мүмкүн, ошондуктан ашказан-ичеги оорулары барлар алдын ала диетологдон кеңеш алганы туура.
Кардар базардан алма тандап жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Кайсы жашылча-жемишти кабыгын аарчыбай жеген пайдалуу? Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0