Улуттук банк "Керемет банктын" өкмөткө өтүп жаткан себебин түшүндүрдү

© Фото / пресс-служба НБКР Улуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Керемет банк" эмне себептен министрлер кабинетинин карамагына өтүп жатканын түшүндүрдү.
Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Керемет банкка" эмнеге ачык сынак жарыяланбай, өкмөткө сатылып жатканын сураган.
"Эки жылда бул банктын активин жакшырттык. Аны өкмөткө өткөрүп берүүнү туура көрдүк. Министрлер кабинетинин депутаттар менен биргеликте карап жаткан көптөгөн максаттары бар, анын баары "Керемет банк" өкмөткө өтсө ишке ашышы мүмкүн", — деди Бөкөнтаев.
"Керемет банкты" өкмөткө сатуу боюнча мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралат.
Буга чейин министрлер кабинети Улуттук банктан "Керемет банкты" 7,1 миллиард сомго сатып алууну көздөп жатканы маалым болгон. Тийиштүү мыйзам долбоору өкмөт башчы тараптан демилгеленген.
Алтын куймалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Улуттук банктын резерви дээрлик рекорддук көрсөткүчкө жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0