Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кышында териге кам көрүүдө эмнени эске алуу керек?

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргызстан косметологдор коому" коомдук уюмунун төрайымы, дерматокосметолог Мейрим Умуралиева
Кыргызстан косметологдор коому коомдук уюмунун төрайымы, дерматокосметолог Мейрим Умуралиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
"Кыргызстан косметологдор коому" коомдук уюмунун төрайымы, дерматокосметолог Мейрим Умуралиева ар бир мезгилге жараша териге кам көрүү керектигин айтты.
Күз-кыш мезгилинде тери кургап, түлөп, түсү өзгөрөт. Суук мезгилде териге туура эмес кам көрүү абалды ого бетер курчутат. Бул тууралуу Мейрим Умуралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кышында териге кам көрүүдө эмнени эске алуу керек?
Анын айтымында, жылдын кайсы мезгили болбосун күндөн коргоочу бет май колдонуу керек.
"Кышкы суук теринин абалына терс таасирин тийгизет, бул мезгилде тери астындагы бездер майды азыраак бөлүп чыгарат. Ал эми адамдардын дайыма кургак, жылуу бөлмөлөрдө болуусу эпидермистин коргоочу тосмосун бузуп, сезгичтикти күчөтөт. Натыйжада беттин териси кызарып, түлөп, кургап кетет. Ошондуктан ар бир мезгилде жараша териге кам көрүү керек. Биринчиден, курамында С жана Е витаминдери бар жумшак каражаттарды, мындайча айтканда, көбүк же гидрофилдүү майларды колдонуу менен беттин терисин тазалоо жакшы. Бетти жылымык суу менен жууш керек, ысык суу терини кургатып жиберет. Ошондой эле бетти бир жолу колдонулчу сүлгүлөр менен сүртүү зарыл. Суукта терини нымдаштыруучу тонерлерди колдонууга туура келет. Продукцияны колдонуудан мурун анын курамында спирт же сульфаттар жок экенин текшериңиз. Беттин тибине жараша азыктандыруучу крем колдонуп, сөзсүз түрдө күндөн коргоочу бет май коюуну унутпоо керек. Бетти тазалоодо пилинг жасоого таптакыр болбойт", — деди Умуралиева.
Ал териге кам көрүү үчүн суук мезгилде ысык душка түшпөй, суунун балансын сактап, туура тамактануу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0