Садыр Жапаров: 2035-жылга чейин мурда алынган тышкы карызды төлөп бүтөбүз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
Өлкө башчы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн мамлекет карыз алууга даяр экенин билдирген.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мурда алынган тышкы карызды 2035-жылга чейин төлөп бүтөбүз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Президент мурда алынган карыз өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулбаганын айтып, кумга сиңген суудай жок болуп кеткенин белгилеген.
"Түндүк — Түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине карыз туура эле алынган. Анткени бул долбоорлор керек. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болуп, уурдалган. Аталган долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Азыр эми ошол карыздарды төлөө мөөнөтү келип, төлөй баштадык. 2035-жылга чейин мурдагы алынган карызды бүтүрөбүз. Айрымдар "эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле" деген сындарды айтып жатышпайбы. Бардык резервибизди топтоп, төлөп салсак болот. Бирок карыз алып жатканда макулдашууда "эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот" деген шарт кирип калган. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз", — деген президент.
Өлкө башчы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн мамлекет карыз алууга даяр экенин билдирди.
"Жакында алабыз. Эгер Камбар-Ата-1 ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин Токтогул ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет. Ал эми Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ойлондуруп жатат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт. Бирок Кыргызстан дүйнөгө чыгууда туюк болбой транзиттик өлкөгө айланышы керек. Бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, ишке ашыруунун башка жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз", — деген өлкө башчы.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров II Элдик курултайда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Садыр Жапаров тышкы карыз кандай тартип менен төлөнөрүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0