Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кожобергенов: чек арада ветеринардык көзөмөл күчөтүлүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаСуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жасалып жаткан аракеттер тууралуу айтып берди.
Чек арада өткөрмө пунктуларында ветеринардык көзөмөл күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Улугбек Кожобергенов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кожобергенов: чек арада ветеринардык көзөмөл күчөтүлүүдө
Анын айтымында, буга соңку убактарда чек арадан мал жана малдан алынган азыктарды мыйзамсыз алып кирүү аракеттери күч алганы себеп.
"Ветеринардык кызматтын милдеттеринин бирине өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугун камсыздоо кирет. Соңку убактарда чек арадан мал жана малдан алынган азыктарды мыйзамсыз алып кирүү аракеттери катталууда. Мындан улам чек арада өткөрмө пунктуларында ветеринардык көзөмөл күчөтүлүүдө. Максаты — мал ооруларын алдын алуу жана алардын адамдардын арасында жайылып кетишин бөгөттөө. Эреже боюнча, импортчу өлкөнүн талабы аткарылышы шарт. Башкача айтканда, мал жана мал азыктары Кыргызстанда кабыл алынган стандарттарга туура келиши зарыл. Алып кирген мал тийиштүү мөөнөттө карантинде кармалып, талап кылынган вакциналары болушу керек. Ал эми мал азыктарына келсек, ЕАЭБдин ичинде бирдиктүү стандарттар кабыл алынган. Үчүнчү өлкөлөрдөн келе турган продукция ошол стандарттарга ылайык келиши керек. ЕАЭБде бирдиктүү реестр бар, ошого киргендиги каралат. Ал эми уюмга кирген башка мамлекеттердин текшерүүлөрү өлкө ичинде дагы таанылат. Бирок тирүү мал баары бир дагы бир сыйра тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөрүлөт. Чек арадан кирген ар бир тамак-аш бара турган жерине жараша Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилет. Алар тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана сатыкка чыгарылат", — деди Кожобергенов.
Ошондой эле ал кооптуу жагдай жаралганда чек арадан кире электер артка кайтарыларын, ал эми киргендери жок кылынарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0