Кыргызстанда түнкү жер титирөө 6 баллга жетти

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAИш учурунда сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив
Иш учурунда сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда түндө 3 баллдан 6 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.

"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Кумтөр голд компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жетти", — деп айтылган маалыматта.

Министрлик алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирди.
Сейсмология институту жер силкинүүнүн магнитудасы Кытайдын аймагында 8ге жеткенин билдирген.
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Өзгөчө кырдаал министри элге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0