Сейсмолог Абдрахматов: Кыргызстанда жердин катуу силкинүүсү күтүлбөйт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНарын облусунун Кочкор районундагы айылдын көрүнүшү. Архив
Нарын облусунун Кочкор районундагы айылдын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жазылуу
Адис республика аймагында кадимки эле тектоникалык процесстер жүрүп жаткандыгын айткан.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Түндөгү жер титирөөдөн кийин Кыргызстанда жердин кайрадан силкинүүсү күтүлбөй турганын башкы сейсмолог Канат Абдрахматов билдирди.
"Жердин силкинүүсү биздин аймакта болгон жана боло берет. Биз негизи сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жашайбыз. Бирок жакынкы убактарда кандайдыр бир апааттуу окуяларды күтпөйбүз. Глобалдуу дестабилизациянын белгилерин көргөн жокпуз. Кадимки эле тектоникалык процесстер жүрүп жатат", — деген ал "Кабар" агенттигине берген маегинде.
Абрахматов жер кайрадан катуу силкинет деген жалган маалыматтар менен элдин үшүн алган кабарды таратып жаткандар боюнча да пикирин айткан.
"Мунун баары, чынын айтканда, куру сөз. Мындай кабарларды ким эмне максат менен таратып жатканын түшүнбөйм. Андан эмне пайда табышат? Же аязда жылаңайлык, жылаңач көчөгө чуркап чыккан адамдарды көрүп ырахат алышабы? Бул адамдарды кыйнап, жаны жай алган кандайдыр бир таш боорлук, мен андан башка түшүндүрүп бере албайм", — деп белгилеген адис.
Эске салсак, түндө Кыргызстанда күчү 6 баллга чейин жеткен жер титирөө болгон. Жаратылыштын бул кубулушу Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын аймагында катталган.
Бишкектеги Джал кичи районунун көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Абдрахматов: Бишкекте 8 баллдан ашкан жер титирөө болот деген коркунуч жок
Жаңылыктар түрмөгү
0