Кытайда болгон жер титирөөдөн 47 үй кыйрап, 6 киши жабыркады

© AFP / STRКытайдын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн кийин куткаруучулар жабырлануучуну алып бара жатышат. Архив
Кытайдын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн кийин куткаруучулар жабырлануучуну алып бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы жер титирөөдөн 47дей үй толугу менен кыйрап, алты адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости "Синьцзян жибао" гезитине таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Аксу округунда жер титирөөнүн магнитудасы 7,1ге жеткен.
"Соңку маалыматтар боюнча, жер силкинүүдөн 47 үй толугу менен кыйраса, 78 там жарым-жартылай бузулган. Жаратылыш кырсыгынан эки адам оор, төрт киши жеңил жаракат алган. Жабыркаган калктуу конуштарда электр энергиясы, жылуулук, суу калыбына келтирилген", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. ӨКМдин маалыматына таянсак, түнкү жер титирөө 3 баллдан 6 баллга жеткен. Өлкөдө кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Өзгөчө кырдаал министри элге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0