Кыргызстандык окуучулар Россиянын окуу жайына жеңилдик менен тапшыра алат

CC BY 4.0 / Kukusru / Россиянын Финансы университетин имараты. Архив
Россиянын Финансы университетин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын Финансы университети Кыргызстандагы мектеп жана университет бүтүрүүчүлөрүн эл аралык олимпиадага катышууга чакырды.
Олимпиада экономика жана маалыматтык илим, эл аралык экономика, гуманитардык жана социалдык илим багыттары боюнча өтөт. Каттоо университеттин сайтында 15-мартка чейин уланат.
Сынак аралыктан компьютердик тестирлөө форматында болот. Жыйынтыгы 1-апрелге чейин ошол эле окуу жайдын сайтына жарыяланат. Жеңүүчүлөр менен байге ээлери Финансы университетине жеңилдетилген шартта тапшыра алат. Толугу менен сайттан таанышууга болот.
Университетте сабак учурунда студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Беларусь кыргызстандыктарга ЖОЖдон стипендиялык беш орун бөлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0