Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кожошев: ЕАЭБ эл аралык соода логистикасын кеңейтүүгө басым жасайт

© Sputnik / Асель СыдыковаЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2024
Жазылуу
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев ЕАЭБ эл аралык логистикалык чынжырчаларды кеңейтүүдө төрт багыт боюнча каттамдарды ишке ашырарын айтты.
Азыркы учурда төрт чоң каттам бекитилген. Биринчиси Батыш — Кытай жолу, экинчиси Түндүк — Түштүк соода коридору, үчүнчүсү Транскаспий соода коридору, анан Транссибирь темир жолу. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кожошев: ЕАЭБ эл аралык соода логистикасын кеңейтүүгө басым жасайт
Анын айтымында, уюм алкагында былтыртан тарта "Евразиялык агроэкспресс" деп аталган долбоор ишке кирди.
"Евразия экономикалык биримдиги келечекте эл аралык соода логистикалык чынжырчаларын кеңейтүүгө басым жасайт. Ал үчүн азыркы учурда төрт чоң каттам бекитилген. Биринчиси Батыш — Кытай жолу, экинчиси Түндүк — Түштүк соода коридору, үчүнчүсү Транскаспий соода коридору, анан Транссибирь темир жолу. Бир эле мисал, Россия Федерациясы көп бөлүгүн каржылап жаткан Түндүк - Түштүк соода коридору жөнүндө айта турган болсок, бул логистикалык чынжырча Санкт-Петербург шаарынан башталып Азербайжан, Иранды аралап өтүп, Перс булуңунан БАЭ менен байланышып, андан ары деңиз жолу аркылуу Индиянын Мумбай шаарына чейин жетет. ЕАЭБдин пошлинасыз соода жүгүртүү боюнча Иран, БАЭ, Вьетнам, Сингапур мамлекеттери менен келишими бар. Мындан сырткары, "Евразиялык агроэкспресс" деген долбоор бекитилди. Ал жашылча-жемиш бышкан мезгилде иштеп, мында Европадан же Россиядан чыккан жашыл продукция Кытайга ЕАЭБ аркылуу тоскоолдуксуз өтөт. Бул долбоорго Кыргызстан азырынча катыша албайт, бирок келечекте темир жолдор бүтүп калса өлкөнүн түштүк тарабындагы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйкандары бул долбоор аркылуу жашылча-жемишин Кытайга жиберип калышат. Азырынча уюмга мүчө Россия, Беларусь өз продукциясын былтыр биринчи ирет ушул коридор аркылуу жиберишти. Бул долбоорго Өзбекстан да мүчө болду", — деди Кожошев.
Министр эл аралык логистикалык чынжырчаларды кеңейтүү боюнча ШКУ менен да меморандумга кол коюлганын кошумчалады. Ага ылайык, Россия — Каспий деңизи — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргызстан, экинчиси Беларусь — Россия — Казакстан — Афганстан — Пакистан транспорт коридору түзүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0