Россиянын 24 жаштагы баатыры Арслан Султанов тууралуу апасы айтып берди. Видео

Жазылуу
Өлкө президентинин жарлыгы менен Россиянын баатыры наамы ыйгарылган 24 жаштагы Арслан Султанов тууралуу апасы айтып берди.
Арслан Саратов облусунда туулган, теги казак. Балалыгы Киевка аймагында өткөн. 2015-жылы мектепти бүткөндөн кийин Новоузендеги агротехнологиялык окуу жайын аяктаган.
Ал аскердик кызматын Шихандагы радиациялык, химиялык жана биологиялык аскер бөлүгүндө өтөгөн. Андан соң РФтин Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө үчүн 7-гвардиялык десанттык-камалоочу дивизиянын 56-гвардиясына жиберилген.
Атайын операция башталгандан тарта Аба-десанттык күчтөрдүн (ВДВ) курамында кармашып келе жатат, 2023-жылдын августунда оор жаракат алган.
Апасы анын атайын операцияга кантип кеткенин айтып берген.
"Албетте, атайын операция башталганын бизден жашырып койгон. Бизди даярдап, эки жумага чейин байланышка чыкпастыгын айтты. Полигондо болом, санаа тартпагыла, баары жакшы болот деген", — деп ал учурларды эстеди эне.
Россия баатыры наамынан сырткары, Арсландын Жуков жана Суворов медалдары бар. Эми анын катарына Алтын Жылдыз медалы кошулду. Жоокер учурда Москвада дарыланып жатат.
"Уулум жарадар болгондо достору, чогуу кызмат өтөгөндөр көп чалышты.Татыктуу, каарман, күчтүү адамды тарбиялагандыгымды айтышты. Биздин аракетибиз, камкордугубуз, ишеним жана сүйүүбүз менен уулубуз бутуна туруп, сакайып кетет деп ойлойм. Жакшы көрөрүбүздү, аны баары күтүп жаткандыгын билет", — деген Арсландын апасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0