"Түндүк" порталы аркылуу соттолбогондугу тууралуу маалым кат алуу жолу

© Sputnik / Жоомарт УраимовТүндүк порталы. Архив
Түндүк порталы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2024
Жазылуу
Маалым кат арыз жазгандан кийин 7 иш күндүн ичинде даяр болот.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Түндүк" порталы аркылуу Кыргызстанда соттолбогону тууралуу маалым катты кантип алуу керектигин түшүндүрдү.
Билдирмеге караганда, маалым кат арыз жазгандан кийин 7 иш күндүн ичинде даяр болот.
Арыз жазуу жолу:
"Түндүк" порталына кирип "Кызматтар" деген бөлүмдөн "Маалым каттар, көчүрмөлөр" деген жерине киресиз;
ал жактан "Кыргызстан аймагында жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым катты акысыз негизде алууга арыз берүү" бөлүмүн басасыз (ал тизменин аягында жайгашкан).
андан соң маалым катты кайсы аймактан аларыңызды (шаар, облус), телефонду көрсөтөсүз;
"Өтүнмө берүү" кнопкасын бассаңыз маалым каттын электрондук формасы чыгат, андан соң "жөнөтүү" кнопкасын басасыз;
эгер аталган документ тез аранын ичинде керек болуп жатса "акы төлөп алуу" бөлүмүн басып, алса болот. Бир күн ичинде бүтүрүү үчүн 191 сом, үч жумушчу күндө бүтүрсө 86 сом төлөө керектелет.
Маалым кат даяр болгон соң ал тиркемедеги жеке кабинетке, көрсөтүлгөн номердеги электрондук почтага жана Telegram мессенджерине келет. Же паспорт менен калкты тейлөө борборлорунан алса болот.
Кыргызстанда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү эми үйгө жеткирип бере алышат. Шарт-жагдайы
Жаңылыктар түрмөгү
0