Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда генетикалык лаборатория ачылат

© Sputnik / Асель СыдыковаИса Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын илим жана дарылоо иштери боюнча проректору Ниязбек Маматов
Иса Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын илим жана дарылоо иштери боюнча проректору Ниязбек Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Иса Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын илим жана дарылоо иштери боюнча проректору Ниязбек Маматов окуу жайдын генетикалык лаборатория ачуу пландары тууралуу айтып берди.
Генетикалык лаборатория адамдын ДНКсын, РНКсын жана хромосомаларын изилдөө аркылуу ар кандай оорулардын тукум куугучтугун аныктоого мүмкүндүк берет. Генетикалык лаборатория ачылса КММА үч багытта иш алып барат. Бул тууралуу Ниязбек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда генетикалык лаборатория ачылат
Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө генетикалык изилдөөлөр кан аркылуу гана жүргүзүлөт.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда генетикалык лаборатория жок. Мындай лабораториянын ачылышы менен адамдын рак оорусу менен ооруп калуу тобокелдигин жана мындай оорулардын тукум куугучтугун аныктоого болот. Генетикалык лаборатория ачылса КММА үч багытта иш алып барат. Биринчиден, ооруканаларга кайрылган бейтаптарга генетикалык изилдөө жүргүзүү жаатында кызмат көрсөтүү, кадрларды окутуп даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында иштейт. Лабораториянын негизги милдети генетика, иммунология, биоинженерия жана башка инновациялык багыттар боюнча жаңы адистиктерди даярдоо болот. Буга чейин адистерди ушул багытта окуп-үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Казакстанга жөнөтүп турчубуз. Эми генетикалык лаборатория түзүлсө адистер өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алышат. Келечекте онкологиялык ооруларды аныктоочу жабдууларды жана башка аппараттарды сатып алуу пландалууда", — деди Маматов.
Ал лабораторияны ачууга Дүйнөлүк банк каражат бөлүп берип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0