Смартфондун жарыгы көрүүнү эле начарлатпастан зат алмашууну да бузат. Изилдөө

© Фото / Unsplash / Andrew GuanТүнкүсүн колунда смартфон кармаган адам. Иллюстративдик сүрөт
Түнкүсүн колунда смартфон кармаган адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын окумуштуулары караңгыда көзгө тийген көк түстөгү жарык семирүү ыктымалдуулугун жогорулата турганын далилдешти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Илимий эмгектин авторлорунун биринин айтымында, ноутбук, телефон, телевизор болобу, айтор, бардык жарык берген нерседен бөлүнүп чыккан көк түстөгү жарык көрүүнү начарлатып, уйку режимине терс таасир эткенден тышкары организмде зат алмашуунун бузулушун да шарттайт.
"Алынган маалыматтардын негизинде биз 21 сааттан кийин смартфон, компьютер жана башка электрондук буюмдарда көк түстөгү жарык фильтрин күйгүзүүнү сунуштайбыз. Изилдөөлөр көк түстөгү жарык аз тийсе да метаболизмди бузуп, салмак кошууга алып келиши мүмкүн экенин далилдеди", — деген окумуштуулар.
КРдин саламаттыгын сактоого эмгек сиңирген дарыгер Айша Исмагулова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Радио
Исмагулова: смартфонду ашыкча колдонуу ууланууга алып келет
Жаңылыктар түрмөгү
0