Депутат: Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө жакшыраак көңүл буруу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Өчпөс отко коюлган гүлчамбарлар. Архивдик сүрөт
Бишкектеги Өчпөс отко коюлган гүлчамбарлар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Депутат 9-Май жөн гана Жеңиш майрамы эмес, ал эскерүү күнү да болуп саналарын белгиледи.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл болорун эскертип, тарыхты унутпоого чакырды.
Анын айтымында, фронтко 400 миңдей кыргызстандык аттанган, бул азыркы бир облустун калкынын санына барабар десе да болот.
Эл өкүлү канча кыргызстандык набыт болгонун, андан сырткары, дайынсыз кеткендер да көп экенин белгиледи.
Учурда республикада Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 68 гана ардагер калган.
"Дагы жакшы бизде "Өлбөс полк" жана ар кандай маселелерге өз ыктыяры менен чуркап жүргөн адамдар бар. Бирок эмнеге жаштарды патриоттуулукка тарбиялаган туруктуу композиция, музейлер жок. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жакындарыбыз ушундай эскерүүгө татыктуу эмеспи? Тарыхты унутпашыбыз керек. Жаштарга ошондогу күчтүү эркти, каармандыкты, эрдикти, кайратуулукту, намыскөйлүктү жана жеңишке жеткирген биримдикти көрсөтүшүбүз керек. Ата-бабаларыбыздын баштан өткөргөн күндөрү кайра кайталанбасын деп үйрөтүшүбүз абзел", — деди Кожокулова.
Ошондой эле ал 9-Май жөн гана Жеңиш майрамы эмес, ал эскерүү күнү да болуп саналарын белгиледи.
Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан курман болгон.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Бишкекте Ленинград курчоосунун үзүлгөнүнүн 81 жылдыгына карата уюштурулган митинг-реквием өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Тарых, тагдырлар. Ленинград курчоосуна арналган Бишкектеги эскерүүнүн видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0