Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шерматов: жер титирегенде кабат үйдөгүлөр лифтке, балконго чыкпашы керек

© Sputnik / Асылбек БактыбековӨКМдин жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун өкүлү, подполковник Мирбек Шерматов
ӨКМдин жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун өкүлү, подполковник Мирбек Шерматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
ӨКМдин жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун өкүлү, подполковник Мирбек Шерматов жер титирөө учурунда өзүн алып жүрүү эрежелерине токтолду.
Жер титирөө бийикте турган адамга катуураак сезилет. Бул тууралуу Мирбек Шерматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Шерматов: жер титирегенде кабат үйдөгүлөр лифтке, балконго чыкпашы керек
Анын айтымында, жер титирөөгө окшогон ар кандай жаратылыш кырсыктары маалында адам дүрбөлөңгө түшпөй сабыр сактаганы жакшы.
"Жарандык коргонуу тууралуу" мыйзамда жогорку кызматтагылардан тартып, жөнөкөй адамдарга чейин укуктары жана милдеттери жазылган. Өзүнүн жана башкалардын өмүрүн сактап калуу да ар бир адамдын милдети болуп эсептелинет. Азыр кырсык учурунда жанынан өтүп бараткандар жардам көрсөтпөстөн, видеого тартып кайдыгер мамиле жасап калды. Люстралар чайпалып, буюмдар кулаган учурда киши катуу коркуп кетет. Мындан улам дүрбөлөңгө түшүп, 2-3-кабаттан секирип буту-колун сындырып алгандар болот. Алар шок абалында ооруну сезбей жүрө бериши мүмкүн. Ошондуктан адам табигый кырсыктарга, форс-мажор учурларга моралдык, психологиялык жактан даяр болушу керек. Алдын ала жылуу кийим, жылуу суу, телефон, документтерибизди даярдап коюшубуз зарыл. Төмөнкү кабатта жашагандар ушул керектүү заттарды алып сыртка чыгып кетсе болот. Ал эми жогорку кабатта жашагандар баштарын калкалап бурчтарга турушу керек. Чоң имараттын же бөлмөнүн ортосуна, айнектердин маңдайына эч качан турбагыла. Жер жылышканда айнектер чачырап сынат. Балконго, лифтиге чыкпаш керек. Эшикте болсо ачык жерге чыгып, чуркабай тынч отуруу зарыл. Имараттын же бактын алдына калкаланууга болбойт. Балдарга да эрежелерди айтып, үйдө да эвакуациялык пландарды түзүп алган оң", — деди Шерматов.
Ал ар кандай кырсык учурунда 112 кызматына байланышып жардамга чакырса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0