Балыкчыда айдоочу тестиер кызды ыргыта сүзүп качып кеткен. Видео

© Sputnik / Евгений БиятовЖолду өтүп бара жаткан кыз. Архив
Жолду өтүп бара жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Кылмышка участкалык милиционер шектелүүдө.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында тестиер кызды унаа сүзүп кетти. Облустук милиция кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын маалымдады.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсык видеого жазылып калган.
"26-январда саат 14:30дар чамасында Балыкчы ШИИБге Манас менен Аманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кызды унаа коюп кетти деген маалымат түшкөн. Жабыркаган кыз Балыкчы шаарындагы жеке мектептин бешинчи классынын окуучусу А.Ф. экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
ОИИБ машина Балыкчы ШИИБге тиешелүү GEELI Mongarа үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа болуп чыкканын кошумчалады.
"Тергөө кызматына Балыкчы ШИИБдин участкалык кызматкери К.Б. келип, аталган кызматтык автоунааны айдап баратып өспүрүм кызды сүзүп алганын, окуя болгон жерден качып кеткендигин билдирди. Текшерүүдө ичимдик ичпегендиги белгилүү болду. Канынан да үлгү алынган. Автоунаа айып короого киргизилди", - дешти ОИИБден.
Мекеме белгилегендей, объективдүү текшерүү жүргүзүү үчүн кырсык болгон жерге Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү, Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын өкүлдөрү барган. Ишти Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги көзөмөлгө алган.
Бала дарыянын жээгинде муз үстүндө ойноп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Сокулукта бири-бирин куткарабыз деген үч окуучу сууга чөгүп каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0