Кыргыз-кытай чек арасында түндөн бери дагы 4 жолу жер силкинди

© AP Photo / Irwin FedriansyahЖер титирөөнүн күчүн аныктаган сейсмограф аппараты. Архив
Жер титирөөнүн күчүн аныктаган сейсмограф аппараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында түндөн бери дагы төрт жолу жер титирөө катталган. Маалымат Сейсмология институтунун сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, биринчиси 26-январга караган түнү саат 02:01де катталып, анда жер титирөөнүн магнитудасы 6га чукулдаган. Акыркысы эртең мененки саат 07:55те болуп, анда магнитуда 4кө жеткен.
Эске салсак, кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө 23-январдан бери катталууда. Ал түнү өлкөдө жер силкинүүнүн күчү 6 баллга жеткен.
Жер титирөө 2026-жылга чейин болуп турат. Кыргызстандын башкы сейсмологу менен маек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жер титирөө 2026-жылга чейин болуп турат. Кыргызстандын башкы сейсмологу менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0