Кыргызстанда насыянын көлөмү 257 млрд. сомдон ашты. Жаңы рекорд

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан банктын кассири. Архив
Акча санап жаткан банктын кассири. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын соңуна карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 257 миллиард 781,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылган.
Белгилей кетсек, бул рекорддук көрсөткүч. Мурдагысы 253,4 миллиард сом болуп, былтыр ноябрь айынын аягында катталган. Эгер 2022-жылдын соңундагы көрсөткүчтөргө салыштыра турган болсок, анда кредиттин көлөмү 204 миллиард сомдон бир аз ашкан.
Насыянын көбү (201 миллиард сом) улуттук валюта менен алынган. Калганы башка валюта менен берилген.
Авариялык абалдагы мектеп. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
ӨКМ 73,6 млн. доллар кредит алып авариялык 40 мектептин ордуна жаңысын курат
Жаңылыктар түрмөгү
0