Араванда 10 гектар жерге тигүү фабрикасы курулат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТигүү фабрикасын кызматкерлери. Архив
Тигүү фабрикасын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Жаңы имараттын курулушуна 10 гектар жер бөлүнгөн.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ош облусунун Араван районуна текстиль фабрикасы салынат. Бул тууралуу өкмөт маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жаңы фабрикада жип ийрүү, трикотаж токуу, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пландалууда. Бул аракеттер пахтачылыкты өнүктүрүп, жашоочуларга жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Министрлер кабинети фабриканын курулушу үчүн 10 гектар жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер" категориясына которуу жөнүндө токтомун бекиткен.
Ноокатта саатына 80 тонна асфальт чыгарган завод курулуп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Ноокатта саатына 80 тонна асфальт чыгарган завод курулуп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0