Команда менен калам деп үмүттөнөм! Штефан Таркович оюндан кийин үн катты

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Таркович курама команда мындан ары да курчуй турганын, 2-3 жыл ичинде мыкты жыйынтык көрсөтөрүн убадалады.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ата мекендик команда Азия кубогунан четтетилгенден кийин кызматында калууга үмүт артты.
"Келишим июнга чейин түзүлгөн. Команда менен калып, дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарына даярдайм деп үмүттөнөм. Биз алдыга койгон максатыбызга жеткен жокпуз. Эмне кылганыбызды, кандай ойногонубузду жана кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонубузду салыштырышыбыз керек", — деди Таркович.
Машыктыруучу Таиланд менен болгон беттешке ичи чыкпаганын, бирок команда андан кийинки оюндарда жакшы ойногонун белгилеген. Таркович курама команда мындан ары курчуй турганын, 2-3 жыл ичинде мыкты жыйынтык көрсөтөрүн убадалады.
Эске салсак, кечээ кечинде Кыргызстан менен Оман курама командасы беттешип, 1:1 эсеби менен тең чыккан. Мындай жыйынтык эки команданы тең плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, мелдештен четтетти. Оюндан жарым саат өтпөй Оман курама командасынын машыктыруучусу Бранко Иванович кызматынан бошотулган.
Кыргызстандын командасы буга чейин Сауд Арабиядан, Таиланддан утулуп, тайпада төртүнчү орунду ээледи.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Дохада "Ак шумкарларды" кантип тосушту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0