Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кулаган Ил-76, Зеленскийдин унчукпаган кеңсеси, ураалаган ЖМКлар. Видео

© Sputnik / Нина ЗотинаУкраинанын Жогорку Радасынын мурдагы депутаты Олег Царев. Архивдик сүрөт
Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы депутаты Олег Царев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Саясатчы президент Зеленскийдин кеңсеси туткундалган жоокерлери түшүп келе жаткан учак кулагандан кийин бир топко чейин унчукпаганын белгилеген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы депутаты Олег Царев Киев бийлиги туткундалган жоокерлерин алмашуу үчүн алып келе жаткан россиялык Ил-76ны атып түшүргөн окуясындагы бир катар жагдайлар боюнча пикирин Sputnik менен болгон маегинде билдирген.
"Россиялык Ил-76 атып түшүрүлгөндөн кийин Украинанын ЖМКлары кубанып, рапорт берип, маалыматтарды жарыялап жатышты. Баарынан өзгөчө нерсеси, самолеттун ичиндеги каза тапкандар украиналык аскер туткундар экени аныкталгандан кийин да бир топ убакытка, 2-4 саатка чейин кубанып, маашырланып жазып жатышты. Мындай кубаныч орунсуз экенин аңдагандан кийин гана маалыматтарды алмаштырып, кайра оңдоп жазып, эскилерин өчүрө башташты", — деди ал.
Ал "эң башкысы, президент Зеленскийдин кеңсеси унчукпай турганын" белгиледи.
Царев окуя кандай болгону боюнча пикири менен бөлүшүп, Украина менен Россиянын жана куралдуу күчтөрүнүн өздөрүнүн ичинде башкаруу системасы эки башка экенине токтолду...
Саясатчы Украинанын мурда дурус иштеген башкаруу системасы аксап, артына кеткенин айтты. Мунун кесепетинен Ил-76 учагына байланышкан каргашалуу окуя болгонун түшүндүрдү.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-январында Россиянын Белгород облусунда өзгөчө жүргүнчүлөр менен кетип бараткан Ил-76 учагы кулаган. Анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскери, экипаж мүчөлөрү жана коштоп жеткире тургандар менен кошо жалпы 74 адам болгон. Туткундарды алмашуу үчүн алып баратышкан. Учактын ичиндегилердин эч кимиси аман калган эмес.
Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов Ил-76 учагы Германияда жасалган Patriot же IRIS-T ракеталары менен атып түшүрүлгөнүн билдирген. Мамдуманын спикери Вячеслав Володин АКШнын Конгресси менен Германиянын Бундестагына Украинага зениттик-ракеталык комплекстерди (Patriot жана Iris-T) Берлин менен Вашингтон берип жатканы боюнча кайрылуу даярдоого тапшырма берген. Ал арада украиналык ЖМКлар Ил-76ны Украинанын Куралдуу күчтөрү атып түшүргөнүн жазып, бирок ал маалыматтарды сайттан өчүрүшкөн.
Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери Ил-76 аскердик-транспорттук учагы кулаган жерге жол кыймылын жаап жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Министрлик: Белгороддо кулаган Россиянын учагын Киев ракеталык комплекс менен атты
Жаңылыктар түрмөгү
0