Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Департамент: 2024-жылы туристтик атлас түзүлөт

© SputnikТуризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова
Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
"Туризм жөнүндө" мыйзамга кирген өзгөртүүлөр тууралуу Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова айтып берди.
Ушул жылдын 10-январында президент өзгөртүүлөр киргизилип Жогорку Кеңештин үч окуусунан өткөн "Туризм жөнүндө" мыйзамына кол койду. Эми аталган багыт жаңы мыйзамдын негизинде иш алып барат. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Департамент: 2024-жылы туристтик атлас түзүлөт
Анын айтымында, быйыл туристтик ресурстардын маалыматтык тутумун (туристтик атлас) түзүү пландалып жатат. Бул үчүн региондорду толук кыдырып, кайсы туристтик ресурсту колдонуу керектиги такталат.
"Мамлекет башчысы 2024-жылдын 10-январында туризм боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталган жаңы мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзам жалпысынан үч багытта иш алып барат. Биринчиси — туризмди туруктуу өнүктүрүү жана туруктуу туризм деген түшүнүктөрдүн кириши. Туризмди туруктуу өнүктүрүү багытында биз маданиятты, тарыхты, жер-жерлердеги экономиканы эске алуу менен экологияга келтирилген зыянды мүмкүн болушунча азайтууга багытталган туристтик иш-чаралар деп түшүнсөк болот. Ал эми туруктуу туризмде узак мөөнөттүү долбоорлорго басым жасалат. Биз Дүйнөлүк туристтик уюмга мүчөбүз. Аталган уюмдун туруктуу туризм кеңеши глобалдык критерийлерди иштеп чыккан. Ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүнө жараша ошол критерийлерди киргизсе болот. Экинчи багыт — туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу. Мында мейманканалардын абалы, деңгээли жана атаандаштык тууралуу кеп болууда. Туристтердин мүмкүнчүлүгүнө жараша Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргызстан жана Казакстанга мейманканалардын классификациясы иштелип чыкты. Ал эми үчүнчү багыты — туризм чөйрөсүндө иш алып барууну жөнгө салуу. Учурда ЕАЭБдин туризм рыногу биздин талаптарыбызга кызыгып жатат. Азыр рынок уруксат кагазы менен иш алып барчу учурга жетти. Мурдагыдай лицензия менен иштөө жок. Муну менен катар мамлекеттик деңгээлде туристтик ишмердүүлүктүн субъектилеринин ишмердиги кызмат көрсөтүүлөр тууралуу толук маалыматты камтыйт", — деди Кенжематова.
Ал 2024 -2028-жылдары орто мөөнөттө туруктуу туризмдин критерийлерин киргизүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0