Камчыбек Ташиев "Кара-Суу" базары мамлекеттин менчигине өтөрүн айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКара-Суу базары. Архивдик сүрөт
Кара-Суу базары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Жазылуу
УКМК төрагасы базардын ордуна соода борборлору курула турганын, иштер жаздын келиши менен башталарын билдирди.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Оштогу "Кара-Суу" базары мамлекеттин менчигине өтөт. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ташиев базарда гектарлап жер ээлеп алган байлар бар экенин, бардыгы мыйзам чегинде тартипке салынарын белгилеген.

“Базардын ордуна соода борборлору түзүлөт. Кызыл китеби барларга ошол соода борборлорунун ичинен керектүү жерлерди бөлүп беребиз. Ичинде бардык шарттары болот, таза жерде иштейсиңер. Байлар, криминалдар бизди коркута албайт, азыр бардык шартты мамлекет өзү түзүп калды”, - деди Ташиев.

Төрага соода борборлорун куруу иштери жаздын келиши менен башталып, алгачкылары күзүндө ишке берилерин айтты. Ал эми ал жакта бардык шартты, тагыраагы, унаа токтотуучу жай, парктардан бери курууга эки жылдай убакыт керек экенин кошумчалады.
Бишкектеги курулуш материалдарын саткан Баткен-Комфорт базары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
"Баткен-Комфорт" базарынын акциясынын контролдук пакети мамлекетке өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0