Балыкчыда автоунаа сүзгөн окуучу: ШИИБ жетекчиси жана агасы кармалды

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жазылуу
Жол кырсыкка кабылган тестиер кыз учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев жана анын иниси (мурдагы милиционер) Бекзат Казаков Караколдогу ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Алардын Балыкчыда тестиер кызды автоунаа коюп кеткен факт боюнча кармалганы айтылды. Жабырланган 11 жаштагы кыз учурда реанимацияда.
Эске салсак, жол кырсыгы 2024-жылдын 26-январында болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Транспорт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган. Окуя чуу жаратып, кыздын атасы видеокайрылуусунда кырсыкка шаардык милициянын жетекчилеринин бири күнөөлүү экенин айтып чыккан. ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгом деген аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасын иштен алган. Саламаттык сактоо министрлиги кыздын абалы туруктуу оор экенин билдирген. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун") жана 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун") боюнча иш козголгон.
Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Балыкчыда окуучуну сүздү делген ШИИБдин башчысы Бектур Осмонбаев кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0