Бишкектеги райондордун биринде газ берүү убактылуу токтотулат

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жазылуу
Көгүлтүр от жокто энергиянын башка булактарын колдонуп турууну сунушташты.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 30-январдан 1-февралга чейин жер алдындагы газ түтүктөрүнүн басымын текшерүү, кемчиликтерди жоюу иштери жүрөрүн “Бишкек газдан” билдиришти.
Мындан улам, Кызыл куруучу конушунда (Ала-Арча дарыясы менен чектелген тилкелер, айланма жолдун аймагы, Сары-Челек, Киргизская, Логвиненко, Курманалиев, Зеленая, Новая, Колхозная көчөлөрү жана Заводская кууш көчөсү) көгүлтүр оттун чектелерин айтышты.
Андан сырткары, Элебесов, Коллективная, Аул, Новосельская жана Кичи Чүй каналы менен чектешкен жерлерде да газ болбойт.
"Бишкек газ" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттерден кечирим сураган. Жогорудагы иштер көгүлтүр отту элдин коопсуз колдонуусу жана үзгүлтүксүз берүү үчүн жасалып жатканын кошумчалап, утурумдук энергиянын башка булактарын колдонуп турууну сунушташкан.
Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Айдарбек Токонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Радио
Быйыл Бишкекке газ менен жүргөн 744 автобус жана электробус алып келинет
Жаңылыктар түрмөгү
0