Кыргызстандык 11 мушкер Болгарияга эл аралык мелдешке барат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте бокс боюнча мелдештин катышуучулары. Архив
Бишкекте бокс боюнча мелдештин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жазылуу
Таймашка катыша тургандар – өлкөнүн бокс боюнча курама командасынын спортчулары.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Болгарияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Таймаштар аталган өлкөнүн София шаарында 2-февралдан 12-февралга чейин өтөт.
Мушкерлер "Сранжа" аталышындагы турнирге курама команданын машыктыруучусу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги астында катышары айтылды.
Курама команданын тизмеси:
Анваржан Хождиев – 48 кг;
Бекзат Эргешов – 51 кг;
Руслан Эрнест уулу – 54 кг.;
Ислам Төрөбаев – 57 кг;
Баяман Азизбек уулу, Рысбек Бектенов – 60 кг;
Аскат Култаев – 63,5 кг;
Элдар Турдубаев – 71 кг;
Султан Асанкул уулу, Даниель Абдрахманов – 75 кг;
Бекбол Мурасбеков – 86 кг.
Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Нурсултан Мойдунов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Радио
Мойдунов: кыргыз боксу кризистен чыгып, ийгилик жаратуучу жаңы муун өсүп чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0