Кар жаайт. Өлкө ичиндеги бир жумага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыш. Архивдик сүрөт
Кыш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жазылуу
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Бишкекте 30-31-январда жана 1-2-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаай турганы айтылды.

Чүй

Айдын этегинде 30-31-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Эртеси, 1-2-февралда дагы, күндүн көзү ачылбайт. 3-февралда жаан-чачын болбойт.

Талас

Аймакта 29-январда күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт. Андан кийинки күндөрү дагы жаан-чачындуу болуп, жуманын этегинде күн ачыла баштайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

28-январда облустагы тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде туман түшөт. 29-январда кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Божомол боюнча, январдын этегине чейин жаан-чачын токтобойт. Февралдын башталышы менен дагы ушундай эле аба ырайы болмокчу.

Ысык-Көл, Нарын

Эки облуста тең 28-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-31-январда көпчүлүк аймактарда кар жаай турганы айтылат. 1-2-февраль күндөрү күндүз айрым жерлерде кар жаамакчы. 3-февралда күн ачылат.
Кыштын жылуу күнүндө паркта отурган кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0