Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Декларацияны мөөнөтүндө тапшырбагандар административдик жазага тартылат

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик салык кызматынын декларациялоо бөлүмүнүн башкы инспектору Токтобек Батыржанов
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо бөлүмүнүн башкы инспектору Токтобек Батыржанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо бөлүмүнүн башкы инспектору Токтобек Батыржанов декларацияны кабыл алуу эки этап менен өтөрүн айтты.
Салык декларациясы — киреше-чыгашалар жөнүндө маалымат. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылга карата жарандардын бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады. Бул тууралуу Токтобек Батыржанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Декларацияны мөөнөтүндө тапшырбагандар административдик жазага тартылат
Анын айтымында, декларацияны мөөнөтүндө тапшырбагандар административдик жазага тартылат.
"Салык декларациясын кабыл алуу эки этап менен өтөт. Биринчи этапта 1-апрелге чейин декларацияны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырышы керек. Алар менен чогуу өлкөдө туруктуу мекеме түзүп иштеген чет өлкөлүк уюмдар да декларация тапшырат. Ал эми экинчи этапта жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын 1- майга чейин тапшырууга милдеттүү. 1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу барлар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар да тапшырат. Салык декларациясында киреше жана чыгашалар, экономикалык иш, мүлк объектилери, жер участоктору жана салык милдеттенмелеринин суммасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек. Мөөнөтүндө тапшырбагандар административдик жазага тартылат. Жеке жактарга — 1000, юридикалык тараптарга 5 000 сом айып пул салынат. Бул жаза муниципалдык кызматкерлерлерге колдонулбайт. Алардын иши прокуратурага юридикалык баа берүүгө жөнөтүлөт", — деди Батыржанов.
Ал декларация тапшыруу боюнча толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 кыска номеринен же Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0